Таиландда кеме менен катер кагылышты. Андагы эки кыргызстандык жабыркаган жок
- 4 недели мурун
- Видео
Таиланддын Пхукет шаарында Korawich Marine- 888 сейилдөө катери балык уулоочу кеме менен кагылышкан. Катерде 52 турист, үч экипаж мүчөсү, бардыгы 55 киши болгон. Орусиялык 18 жаштагы турист кыз ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кемедеги эки кыргызстандык жабыркабагандыгы аныкталганын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги Таиланддагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу менен бирге аныктагандай, сейилдөөчү катерде Кыргызстандын эки жараны болгон, алар менен байланыш түзүлдү. Алынган маалыматтарга ылайык, окуянын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркаган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алар сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.
Алынган маалыматтарга ылайык, эки жаран 15-январда Кыргызстанга кайтып келүүсү күтүлүп жатканын ТИМ белгиледи.
ЖМКдан белгилүү болгондой, окуя Таиланддын Пхукет шаарынын жээктеринде Ко Кай аралында болгон. Туристтик катерде 52 турист жана 3 экипаж мүчөсү болгон, кеме балык уулоочу траулер менен кагылышып, чөгүп кеткен. Куткаруучулар тез арада келип, андагы кишилерди эвакуациялаган. Андагы окуядан 12 киши жабыркаган, ооруканага жеткирилгендердин арасынан 18 жаштагы россиялык кыз көз жумган, дагы бирөө оор абалда экени айтылды.
Сүрөт: Интернет булактарынан




