Таалатбек Масадыков Евробиримдиктин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолукту

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту.

Европа делегациясы менен болгон жолугушууга тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

Тараптар Афганистанда болуп жаткан кырдаалды жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында өз ара кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле, аймактык чакырыктар боюнча пикир алышуу менен бирге аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Таалатбек Масадыков, жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Афганистандын ичинде жана бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты