Кыргыз-Ооган бизнес-форуму өттү
- 2 месяца мурун
Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору жана Ооганстандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулган кыргыз-ооган бизнес-форуму болуп өттү.
Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Форумдун жүрүшүндө «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров ооган бизнес-коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармек, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт.
Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектеди. Министрдин иш сапарынын алкагында Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылып, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.
Анда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү, экспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Сүрөт: mineconom.gov.kg




