Түзөтүү жайларында жаза өтөп жаткандар опузалап, жакындары аркылуу акча алып турушканы аныкталды    

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгы, жаза
аткаруу кызматынын ыкчам режим башкы башкармалыгы менен бирдикте эркиндигинен ажыратуу жайларында акча каражаттарын талап кылуу менен байланышкан кылмыш фактылары боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Жакында соттолгондордун жазасын өтөп жаткан учурда жасаган кылмыш иштерин иликтөөгө байланыштуу биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чаралары уюштурулуп, пара талап кылышкандыгы боюнча кармалды.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелеринин биринде соттолгон жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен башка соттолгон жарандан 30 000 сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Жазасын өтөп жаткан Нарын облусунун тургуну 1996-жылы туулган Н.К.  жана зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун тургуну  1993-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталган. Экөөнүн тең кылмыш чөйрөсүндө статусу жогору.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын ортосунда соттолгон жаран опузалоочуларга 15 миң сом өлчөмүндө акча которгон. Калган 15 миң сом акчаны опузалап акча талап кылгандар накталай алышкан.

Ал эми, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан талап-тоноочулар акчаны алуу үчүн өздөрүнүн жакындарын, тааныштарын жөнөтүп турушкан. Опузалап алынган акча каражаттарын которуунун бардык фактылары документтештирилип ишке тиркелген.

Бишкек шаарынын кичи райондордун биринде 2 жарандан 15 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан. Кармалгандар, 2000-жылы туулган жарандар, алардын жанынан мурда акча которулган банк картасы табылган, алар экөө тең мурда опузалап акча талап кылууга шектелип камакта жаткан адамдардын тааныштары жана жакындары болушат.

Сүрөттөрдө эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан адамдар Н.К менен М.Э..

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты