Түз эфирде согушка каршы акция уюштурган Марина Овсянниковага 30 миң рубль айып пул салынды

  • 2 года мурун

Москванын Останкино соту «Биринчи каналдын» жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы элди нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты.

Бул тууралуу «ОВД-Инфо» басылмасы кабарлады.

Овсянникова 14-март күнү кечинде «Время» программасынын түз эфирине согушка каршы плакат көтөрүп чыгып, «Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, бул жерде сиздерге калп айтып жатышат» деп айтууга үлгүргөн. Бирок ал бул кадамы үчүн эмес, ага чейин жаздырып коюп, кийин интернетке жарыяланган видеокайрылуусу үчүн административдик жоопко тартылганы кабарланды.

Анда Овсянникова: «Биз 2014-жылы, мунун баары жаңы башталып жатканда үндөгөн жокпуз. Кремль Навальныйды ууландырганда унчугуп, митингдерге чыккан жокпуз. Биз бул адамзатка каршы режимди унчукпай карап турчубуз. Эми бүткүл дүйнө бизден жүз бурду. Эми биздин урпактарыбыздын ондогон муунуна чейин бул ыплас согуштун кара тагы бизден жуулбайт. Бул кара мүртөздүк менен жиндиликти токтотуу биздин гана колубузда. Митингдерге чыккыла, коркпогула! Баарыбызды камай алышпайт» деген.

15-мартта Украинанын Президенти Владимир Зеленский өзүнүн жаңы видеокайрылуусунда Овсянниковага бул аракети үчүн ыраазычылык билдирген.

«Мен чындыкты жеткирүүнү токтото элек орусиялыктарга… жеке «Биринчи каналдын» студиясына согушка каршы плакат менен кирип барган ошол кызга ыраазымын. Нааразылык билдирүүдөн коркпогондорго айтарым, силер күрөшүшүңөр керек, силер мүмкүнчүлүгүңөрдү жоготпошуңар керек. Азырынча силердин өлкө бүт дүйнөгө толук жабыла элек» деген ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты