«Биринчи каналдын» түз эфиринде согушту айыптап чыккан редактор табылбай жатат

  • 2 года мурун

Украинадагы согушка каршы «Биринчи каналдын» түз эфирине плакат көтөрүп чыкканы үчүн кармалган редактор Марина Овсянникованы адвокаттар 12 сааттан ашык убакыттан бери таба албай жатканы кабарланды.

Марина Овсянникова 14-мартта кечинде “Время” программасынын эфиринде “Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, силерге калп айтып жатышат” деген чакырык менен плакатты көтөрүп чыгып, согушту айыптаганы үчүн аны ошол эле жерден полиция кармап кеткен.

Бул тууралуу анын адвокаты Даниил Берманга шилтеме берип, Meduza жазып чыкты.

Буга чейин Овсянникова Москванын «Останкино» райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.

«Укук коргоо» уюмунун адвокаты Анри Цискаришвили ал жакка барып, Марина Овсянникованы тапкан эмес. Полиция укук коргоочуларга анын бөлүмдө жок экенин айткан.

15-мартта адвокаттар аны шаардагы башка полиция бөлүмдөрүнөн да таба алышкан эмес.

«Холод» басылмасы адвокат Павел Чиковго таянып, Овсянникова 12 сааттан ашык убакыттан бери белгисиз жерде кармалып турганын жазды.

Буга чейин адвокат Даниил Берман Овсянниковага кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты