Түштүк Кореядагы абалга байланыштуу, ТИМ ал жактагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы абалга байланыштуу ал жакта жүрөгн кыргызстандыктарды сак болууга чакырган билдирүү жасады.

“Корея Республикасына өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, министрлик Кореяда жүргөн кыргызстандыктарды токтоо жана кыраакы болуу менен, өтө зарыл болбосо, жашаган жерден чыкпай турууну өтүнөбүз. Коопсуздук үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн сактап, эл көп жүргөн иш-чаралардан, айрыкча саясий иш-чаралардан алыс болууну суранабыз” деп айтылат билдирүүдө.

Эгер өзгөчө кырдаал жаралган болсо,  +82 10 9798 0951 номуру менен телефон байланышына кайрылса болорун кошумчалады.

3-декабарда Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл өлкөгө аскердик абалды киргизди. Ал эми парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Сүрөттө: Түштүк Корея. Сеул. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты