Түштүк Корея бийлиги мурдагы президент Пак Кын Хеге ырайым берет

  • 2 года мурун

Түштүк Корея бийлиги Жаңы жылдын урматына коррупция айыбы менен 20 жылга түрмөгө кесилген мурдагы президент Пак Кын Хеге ырайым берүүнү чечти. Бул тууралуу Yonhap өкмөткө шилтеме жасоо менен билдирди.

Мындай чечим 69 жаштагы Пак Кын Хенин саламаттыгы начарлаганына байланыштуу кабыл алынды. Быйыл ал далысындагы өнөкөт оорусуна байланыштуу үч жолу ооруканага жаткырылган, ага чейин операция болгон.

Басылма Пак Кын Хени бошотуу 2022-жылы мартка белгиленген президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт. Мурдагы президентти Тегу шаарында жана провинциясында, ошондой эле оппозициячыл элдик партиянын таянычы эсептелген Түндүк Кенсан аймагында колдошот.

Пак Кын Хе – 1979-жылы кол салуу учурунда өлгөн мурдагы президент Пак Чон Хинин кызы. 1998-жылы Кын Хе биринчи жолу атасы негиздеген партиянын атынан парламентке шайланган. 2012-жылы Түштүк Кореянын тарыхындагы алгачы аял президент болгон.

Мурдагы президентке каршы кылмыш иши 2016-жылы ал бийликте турган убакта ачылган. Түштүк Кореядагы бир нече күнгө созулган ири акциялардан көп өтпөй парламент Пак Кын Хеге импичмент жарыялап, кызматтан кетирген. Экс-президент 2017-жылы камакка алынган. Ал курбусун мамлекеттик иштерге аралаштырууга жана коррупцияга айыпталган.

2018-жылы апрелде сот Пак Кын Хени мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу, опузалоо, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана пара алуу айыбы менен 24 жылга кескен. Быйыл январда өлкөнүн Жогорку соту анын жаза мөөнөтүн 20 жылга чейин кыскарткан.

1980-жылдан бери Түштүк Кореяны башкарган сегиз президенттин төртөө түрмөгө камалып, үчөөнүн туугандары соттолгон, бирөө өз жанын кыйган, дагы бирине өлүм жазасы чыгып, бирок ырайым алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты