Бишкекте жер мунапысын алууга укугу бар беш миңден ашуун жарандын тизмеси белгилүү болду
- 1 месяц мурун
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарык мэриясы иштер уланып жатканын билдирди.
Бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Ленин жана Биринчи Май райондорунун жарандарынын тизмелери белгилүү болгону жарыяланды.
Бишкек шаарынын Ленин району боюнча тизмеде 2439 жаран бар;
Биринчи май району боюнча тизмеде 2952 жаран бар.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




