Жогорку Кеңештин депутаттары менчиктештирилген айрым объекттерге мунапыс жарыялоону сунуштады

  • 10 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “1991-жылдан тартып, 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объекттерге мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорун 24 депутат сунуштаган. Демилгечилердин бири, депутат Эльдар Абакиров баяндама жасап, мыйзам долбоору ишкерликти өнүктүрүүгө жардам берип, инвестициялык климатты жакшыртарын белгиледи.

Баяндамачы мыйзам долбоору социалдык объекттерге тиешелүү эмес экендигин айтты.  

Депутат Надира Нарматова бул мыйзам долбоору 1991-жылдан бери элдин эмгегинен чогулган имараттарды менчиктештирип алгандарды коргогон мыйзам катары эсептелээрин билдирди. Коррупция менен күрөшүүгө саботаж катары эсептелген мыйзам экенин айтып, четке кагууга чакырды.    

Депутат Эльдар Абакиров мыйзамсыз менчиктештиргендерге тиешеси жок экенин айтып, кийинки муундагы, ак ниети менен өз акчасына менчиктештирип алгандарга тиешелүү экенин билдирди.

Депутат Айсаракан Абдибаева мыйзам так, анык, кыска жазылыш керек деп, ар кандай маанини билдирген башаламан нерсени билдирип жатканын кошумчалады. Союз убагында байлар болбогонун, менчиктештирүүдөн, элдин мүлкүнүн эсебинен мультимиллионер болгонун, аларды коргоочу, азыркы саясатка каршы мыйзам экенин белгиледи. Депутат Абдибаева да мыйзамды четке кагууну сунуштады.

Депутат Дастан Бекешев менчиктештирүүнү мамлекет баштаганын, учурунда ар кандай каталар, коррупция болгонун, менчиктештирген мүлктөр менен азыр жаштар алектенип жатканын, инвестиция тартыш керек экенин, азыркы саясатка каршы келбегенин айтты. Каталар болду, ошону менен токтотолу, инвесторлор келе берсин, уурулар дегенде биз керек болсо, капитал легализация болгонун да айталы деп кошумчалады. Бекешев социалдык объекттерге мунапыс берилбегенин айтты.  

Депутат Эльвира Сурабалдиева эмнеге Кыргызстанга инвесторлор келбей жатканын, жеке менчикке кепилдик бар экенин ачык айтыш керектигин, акыйкат болуш керектигин белгиледи. Быйыл Салык кызматы ККМ киргизип, канча чыгым кылганын да эске алыш керектигин айтты.

Чиновниктердин карызы кечип коюлганын, баарын текшериш керектигин кошумчалады.  

Депутат Эмил Токтошев бул мыйзам долбоору зарыл экенин, чет элдиктер кызыл китеп менен кантип мүлк тартылып алынып жатканына таң калаарын билдирди. Мамлекет алган объекттер сатылбай, кайра зыян болуп жатканын да айтты.

Депутат Камила Талиева бул мыйзамга авторлош болгонун, мыйзам керек экенин, жеке менчик укугу корголуш керектигин кошумчалады.  

Депутат Айбек Алтынбеков Министрлер кабинетинин оюн сурады, МинКаб корутундусунда мыйзам дагы иштелип чыгыш керектигин, кодекстерге түзөтүүлөрдү талап кылаары корутундуда жазылганын МинКаб өкүлү айтты.

Акырында мыйзам долбоору добушка коюлуп, комитетте биринчи окууда кабыл алынды.   

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты