«Өтөөсүнө чыкты». Садыр Жапаров экс-президенттер менен Дубай жолугушуусу тууралуу
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров Октябрь окуясынын беш жылдыгына карата «Кабар» агенттигине берген маегинде 2022-жылы Дубайда экс-президенттер менен жолугушуусунун максаты жана өтөөсү тууралуу айтып берди.
Мурдагы президенттер менен Дубайда жолугушуусунун максаты, өтөөсүнө чыктыбы деген суроого мындайча жооп берди:
-Албетте, өтөөсүнө чыкты. Башкы максатым баарын бир столго олтургузуп, «өтөр өттү, кетер кетти, эми бири-бириңер менен акыйнек айтышпай, тынчыгыла» деген сөздү айтмакмын. Айттым.
Ага чейин билесиздер, Акаев менен Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков болуп тарапташтары да тирешип, чабышып, акыйнек айтышып, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү ЖМКларга чейин чыгып турушчу. Булардын баары жөн кишилер эмес, аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр мамлекет башкаргандар. Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болуп калган кишилер.
Анан эле баары бири-бири менен чабышып атса, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда тынч эмес деп ойлойт экен да. Албетте, инвестор келбейт. Далай ири инвесторлорду көрдүм. Кыргызстан дегенде буйтай качышат экен. Чакырсаң эле «Оо кокуй, силер революция кыла берген, ынтымагыңар жок мамлекетсиңер. Силердин мамлекетке инвестиция салыш коркунучтуу, акча тынчтыкты сүйөт» дешет.
Ошондон улам баарын чогултуп айтчу сөзүмдү айттым. Ошондон кийин бири-бири менен урушпай калышты. Тарапташтары да тынчышты. Дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык. Дүйнөлүк ММКлар дагы өз өлкөлөрүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери бир столго олтуруп, ынтымакка келишти деп жаңылык кылып жазышты.
Мына ошондон кийин инвесторлор агылып келе башташты. Бүгүнкү күндө тикелей келген инвестициянын көлөмү эле миллиард долларга жетип жатат. Экономикалык өсүш башталды,-деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.
2022-жылы 18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.
Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт коллажы: Интернет булактарынан




