Төрт-Көчө аймагында ок атылып жатат

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан ок атышуу башталды. Ок атышуу ошондой эле Чыр-Дөбөдө да болууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди.

Төлөнбаев «атышуу башталды, эки тараптан тең атышып жатышат», — деген маалыматты айтуу менен чектелди.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий маалымат бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты