ТҮРКСОЙ уюму улуттук адабиятка байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрөт  

  • 2 месяца мурун

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан 2025-жылы Кыргызстанда улуттук адабиятка байланыштуу бир топ ишчаралар өтөт.

Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев социалдык тармактарда билдирип, өтө турган иш-чараларды тизмектеди.

1. Ош шаарында 28-29-30-майда түрк дүйнөсүнүн Биринчи жаш акындарынын Жолон Мамытов поэзия фестивалы өтөт.

2. Бишкекте 15-20-октябрь аралыгында улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата адабият фестивалы өтөт:

Түркиянын Элазык шаарында 15-20-майда түрк дүйнөсүнүн акындарынын фестивалы жана адабий форуму өтөт.

— Венгрияда, Будапештте, октябрь айында Алыкул Осмонов поэзия күндөрү уюштурулат. Бул иш-чара алкагында Алыкул Осмоновдун мажар тилиндеги китебинин бет ачары белгиленди. -Алыкул Осмонов иш-чаралары Ташкент, Алматы, Бакуда өткөрүү да белгиленген.

-Алыкул Осмоновдун Чолпон-Атадагы үй-музейине колдоо көрсөтүү иш-чарасы өткөрүлөт.

3. Кыргыздын улуу ойчулу, залкар акыны Арстанбек Буйлаш уулунун китеби Анкарада түрк тилинде жарык көрөт. Бет ачаары Анкарада өткөрүлөт.

Ошону менен бир катарда жана башка иш-чаралар белгиленген.

Сүрөт: ТҮРКСОЙ уюму тарабынан чыгарылган китептер. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты