Түркмөнстандын батышында ысыктан мал кырылууда

  • 2 года мурун

Түркмөнстандын түштүк-батыш аймактарында катуу ысыктан мал кырылууда.

Бул тууралуу “Азаттыктын” Балкан облусундагы кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-июлда Сердар районунда көлөкөдө 50 градус ысык катталып, мал жапырт кырылган.

Бул күндөрү аптаптуу ысык Балкан облусунун тоо этектеринде, Балканабад шаарында, Сердар жана Махтумкул райондорунда катталган. Жекшемби 17-июлда Сердар районунда температура 44 градуска чейин көтөрүлгөн.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы ысыктан өлгөн малдын эти жергиликтүү калкка арзан баада сатылып жатканын билдирди.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты