ӨКМ: Алдыдагы күндөрү аптаптуу ысык күтүлүүдө
- 1 месяц мурун
Кыргызстанда жакынкы күндөрү абанын температурасы 43 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Аптаптуу ысык 14-июлдан 18-июлга чейин созулат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты
Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40 градуска чейин ысыйт. Ал эми 16-18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде аптап 41…43 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




