Күн ысык. Бишкектин көчөлөрүнө суу чачып жатышат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техниканын жардамы менен суу чачып жатышат.

Борбор шаарда 25 атайын техника тартылып, шаар көчөлөрүнө муздак суу чачууда.

Бүгүн, 15-июлда, Бишкек шаарында абанын температурасы күндүз +35…+37 ысык болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда жакынкы күндөрү абанын температурасы 43 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Аптаптуу ысык 18-июлга чейин созулат. Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40 градуска чейин ысыйт. Ал эми 16-18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде аптап 41…43 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты