Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга келди

  • 2 недели мурун

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин (ЖК) басма сөз кызматы маалымдады.  

Мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев тосуп алды.

 29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты