Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 27-апрелде, Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат берилди.   

29-апрелге чейин улана турган расмий сапар алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Түркиянын парламентинин төрагасынын бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулары да пландалган. 

Сүрөттө: Нуран Куртулмуш. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты