Түркиядан кыргызстандык 28 жаран эвакуацияланды

  • 1 год мурун

10-февралда Ак-Жол чек ара постунан өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  кызматкерлери Түркиядан Казакстан аркылуу келген 20 жараныбызды тосуп алды. Андан мурда сегиз жаран да Кыргызстанга алынып келинген.

Алгач 22 мекендешибиз Түркиядан Астана шаарына учуп келишкен. Аларды тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышып, автотранспорт менен Кыргызстандын чек арасына узатып келишкен. Ал эми алардын арасынан бир аял ымыркай баласы менен Алма-Ата шаарына учак менен жөнөтүлүп, андан ары автотранспорт менен Кыргызстанга жеткирилген.

Ошондой эле 9-февраль күнү кыргызстандык 6 жараны Түркиядан Ташкент шаарына учуп, андан ары КР ТИМдин өкүлдөрүнүн коштоосунда  Ак-Жол чек ара постуна жеткирилди. Ал жерден КР ӨКМдин кызматкерлери тосуп алып, үйлөрүнө узатышты.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Сүоөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты