Түркиядагы зилазаладан кийинки абал жана кыргызстандыктардын жардамы

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги зилзаладан кийинки Түрк. иянын абалы жана Кыргызстандын жардамдары тууралуу маалымат берди.

2023-жылдын 16-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 418 адамга жетип, 105 505 адам жарадар

Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун айтымына ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 791 имарат калыбына келтирилбейт жана бузулат.

Түркиянын Үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген маалыматка ылайык, жер титирөөлөрдүн натыйжасында учурда 993 бала ата-энесиз калган, алар балдар үйлөрүндө. 369 баланын ата-энеси аныкталып, балдар аларга өткөрүлүп берилди.

15-февраль күнү кечинде Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы жер титирөөдөн жабыркагандарга кайрымдуулук каражатын чогултуу максатында “Түркия – бир жүрөк” жалпы улуттук марафонун өткөрүштү. Кайрымдуулуктун суммасы 115 миллиард 146 миллион лира түздү. 

Кахраманмарашта көчмө ооруканасы ишке киргизилип, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн жабыркагандарды  кабыл ала баштады

Кыргыз Республикасынан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, саламаттык сактоо министрлигинин 6 дарыгери, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен 6 кинолог жөнөтүлгөн.

 
Кахраманмараштагы AFAD лагеринде бирдиктүү убактылуу штаб ачылды, анда элчиликтин, Антальяядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү кезектешип 10 күн нөөмөттө болушат. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.

Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар. 

Түркиянын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүүдө. 

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты