Түркиядагы жер титирөө: Курман болгондордун саны көбөйүүдө

  • 1 год мурун

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны, акыркы маалыматтар боюнча, эки мамлекетте 600гө жетти.

Түркияда курман болгондор 280 киши, жабыркагандар 2000 кишиден ашты. Бул тууралуу Түркиянын вице- президенти Фуат Октай билдирди. Мамлекеттин ар кайсы шаарларында кеминде 1710 имарат талкаланды.

 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. 6-февраль күнү саат 9га карата андагы жер титирөөдөн 76 киши каза таап, 440 киши жабыркаган. Түркиянын Өзгөчө абалдын алдын-алуу жана жоюу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, жер титирөөдөн ал жактагы Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркаган эмес.

Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты