Түркиядагы президенттик шайлоодо Эрдоган жеңди

  • 11 месяцев мурун

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши президенттик шайлоонун 28-майда өткөн экинчи айлампасында азыркы мамлекет башчысы Режеп Эрдоган жеңишке жеткенин билдирди.

Бюллетендердин 100% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыктарга ылайык, Эрдоган шайлоочулардын 52,14%, анын атаандагы Кемал Кылычдароглу 47,86% алды.

Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына ылайык, добуш берүүгө шайлоо укугуна ээ жарандардын 85% катышты.

Чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелериндеги бюллетендердин 95% саналып бүттү. Шайлоого сыртта жүргөн түркиялыктардын 55% катышты.

Жогорку шайлоо кеңеши добуш берүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди. Бирок журналисттер айрым шайлоо тилкелеринде байкоочуларга кол салуу учурлары болгонун билдирип, видеотасмаларды жарыялашты. Стамбулдун четиндеги конуштардын биринде шайлоочулардын тизмесине сегиз жыл мурда өлгөн тургундун аты-жөнү кирип калганы да кабарланды.

28-май күнү кечинде Стамбулдагы тарапташтарынын алдында сүйлөгөн Режеп Эрдоган өзүн жеңүүчү деп жарыялаган.

«Жакынкы беш жылда өлкөнү биз башкарабыз» деди Эрдоган.

Анкарада тарапташтары менен жолуккан Кемал Кылычдароглу бул шайлоону тарыхтын эң адилетсиз мезгилдеринин бири деп атады. Ал өз сөзүндө демократия үчүн күрөштү уланта турганын белгиледи.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда өткөн. Анда Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, Кемал Кылычдароглу 44,88% добуштарын алган.

Эрдоган Түркиянын президенти кызматын 2014-жылдан бери аркалап келет. Ага чейин 11 жыл өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген.

Биргелешкен оппозициянын атынан чыккан Кемал Кылычдароглу 2002-жылдан бери түрк парламентинин депутаты болуп, 2010-жылы Республикалык элдик партияны жетектеп калган.

Сүрөт: Reuters/

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты