Түркияда шайлоолор соңуна чыкты

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 14-майда, Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү.

Түркияда 60 миллиондон ашык жаран президенттик жана парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катыша алат.  

Бул шайлоодо Реджеп Тайып Эрдогандын атаандашы Кемаль Кылычдароглы да ат салышты.

Шайлоонун жыйынтыгы бир нече күндөн кийин чыгарылмакчы.  

Түркияда президенттикке төрт талапкер каттоодон өткөн. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөткөн. Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. Алардан башка “Мамлекет” партиясын жетектеген Мухаррем Инже жана теги азербайжандык, парламент депутаты Синан Оган каттоодон өткөн.

Мукаррем Инже талапкерликтен баш тарткан. Негизги атаандаштар Реджеп Тайып Эрдоган менен Кемал Кылычдароглынын ортосунда жүрдү.

Сүрөт: bbc.com/russian. Атаандаштар Реджеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты