Түркияда журналистти өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн адам Бишкекте кармалды

  • 2 года мурун

2007-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн түркиялык журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Кыргызстандын аймагында Түркиянын жараны А.И. жасалма документ менен жүрөт деген маалымат түшкөн.

26-февраль күнү Бишкек шаарынын аймагынан Түркия жараны 1984-жылы туулган А.И. кармалган. Анын жанынан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаранга Түркияда издөө жарыяланганы, 2007-жылы Стамбул шаарында журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шек саналганы аныкталган.

Кармалган чет өлкөлүк жаран уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты