Түркияда жети күндүк аза күтүү күндөрү жарыяланды
- 2 года мурун
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эржоган өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн миңдеген адамдардын өмүрү кыйылгандыгына байланыштуу эети күндүк аза күтүү күндөрүн жарыялады.
“2023-жылдын 6-февралынан тартып жер титирөөгө байланыныштуу өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү күндөрү жарыяланат. Мамлекеттик желек өлкөдө жана биздин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө 12-февраль күнү күн батканга чейин түшүрүлүп турат” деп айтылат Түркиянын мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.
6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.
Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн улум курман болгондордун саны 3 миңден ашты.
Сүрөт: Türkiye гезити.