Түркияда ракета чыгарган заводдогу жарылуудан беш жумушчу мерт болду  

  • 11 месяцев мурун

Түркиянын борбору Анкара шаарында ишемби күнү, 10-июнда ракета жана жардыруучу заттарды чыгарган заводдо жарылуу болду. Жарылуудан улам беш жумушчу мерт болду.

Бул тууралуу Түркиянын коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.  

“Анкара провинциясынын Эльмадаг шаарында аашина куруу жана химиялык өнөр жай компаниясынын аакета жана жардыруучу заттарды чыгаруучу фабрикасында жардыруу болду. Анын кесепетинен юиздин юеш жумушчубуз каза тапты. Бул иш боюнча иликтөө башталды” деп айтылат билдирүүдө.

Анкара провинциясынын губернатору Васип Шахин журналисттерге билдиргендей, жардыруунун себеби жардыруучу заттарды чыгарууда көзөмөлгө ала албай турган химиялык реакция үрүп кеткен болушу ыктымал.

 Ошондой эле жарадар болгондор, анын ичинде оор жаракат алгандар да бар экени айтылууда.   

Сүрөт: IHA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты