Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу мүмкүн

  • 12 месяцев мурун

Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берген 50% чектен аша алган жок.

Өлкөнүн мамлекеттик TRT телеканалы бюллетендердин 96% саналып бүткөндөн кийинки алдын-ала жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Эрдоган шайлоочулардын 49,42%, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88% добушун алганын кабарлады.

Ошол эле маалда Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирүүдө.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.

14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү.

Сүрөт: APF.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты