Түркияда мейманканадагы өрттөн каза болгондордун саны 66га жетти
- 3 недели мурун
Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая тоо лыжасы курортунун мейманканасындагы өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 66га жетти. 51 киши жабыркады.
Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Арли Ерликая CNN Turk басылмасына билдирди.
“Тилекке каршы өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 66 кишиге жетти, 51 киши жабыркады. Ошол учурда мейманканага 238 адам жаткан” деди журналисттерге министр.
Өрт түнкү саат 03:30да мейманкананын ресторан тарабынан чыккан. Мейманкана 2200 метр бийикте жайгашкан. Жалын чыга баштаганда, мейманканада иштегендер анда жаткандарды эвакуация кыла баштаган. Өрттү көргөндөр 12 кабат мейманканадагы айрым адамдар шейшептерди байлаштырып терезеден түшө баштагандыгын айтышкан.
Өрт өчүрүүчүлөр чакырык болгондон 40-45 мүнөттөн кийин келген. Мейманкананын жыгач конструкцияларын тез эле жалын чулгаган. Өрттү өчүрүүгө 156 унаа, 428 киши катышкан. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 04:15тен баштап өчүрүүгө киришкен.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өрттүн кесепетинен каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жабыркагандардын тезинен сакайып кетишин билдирди.
TRT Haber маалыматы боюнча, Түркиянын Болу провинциясынын Карталкая лыжа базасындагы мейманканада өрт чыкты. 12 кабат мейманканада белгисиз себептерден улам өрт чыгып, ал тез эле тутанып кеткен. Өрттүн кесепетинен мейманканадагылар эвакуацияланган. Бул иш боюнча өлкөнүн башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери жүрүүдө.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мейманканадагы өрткө байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.
“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм” деп айтылат телеграммада.
Сүрөт: ZombiliceTR