Түркияда лыжа мейманканасында өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экени кабарланды
- 3 недели мурун
Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы «Карталкая» лыжа мейманканасында чыккан өрттөн улам 10 адам каза болуп, 32 адам жабыркады.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымат таратып, жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги тарабынан бул окуя боюнча Түркия Республикасынын компетенттүү органдарынан маалымат суралды. Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү жоюу иштери жүрүп жатат, ошондой эле, каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок” деп айтылат ТИМ маалыматында.
TRT Haber маалыматы боюнча, Түркиянын Болу провинциясынын Карталкая лыжа базасындагы өрттө 10 адам каза тапты, 32 киши жабыркады. 12 кабат мейманканада белгисиз себептерден улам өрт чыгып, ал тез эле тутанып кеткен. Өрттүн кесепетинен мейманканадагылар эвакуацияланган.
Болу провинциясынын губернатору Абдулазиз Айдын TRT News түз эфиринде айткандай, бүгүн, 21-январда саат 03:30 да мейманкананын ресторанынан өрт чыккан. Мейманканада 234 конок болгон.
Бул иш боюнча өлкөнүн башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери башталды.
“6 vatandaşımız hayatını kaybetti. 31 yaralımızdan 26'sının durumu orta seviyede, 2'sinin durumu ağır.”
— TRT Haber Canlı (@trthabercanli) January 21, 2025
Bolu Valisi Abdulaziz Aydın: Kartalkaya Kayak Merkezi'ndeki otel yangını büyük oranda kontrol altına alındı. Cumhuriyet Başsavcısı da işlemlere başladı. pic.twitter.com/EQCuv0AUHZ
Сүрөт: trthaber.com