Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда

  • 2 года мурун

2022-жылы Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиргендей, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолукту.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, келечектеги долбоорлорго даярдыктар боюнча пикир алмашуу болду.

Маалыматта Мехмет Нури Эрсойдун келерки жылы Кыргызстандын маданият күндөрүн Түркиянын бир канча шаарында өткөрүүнү сунуштаганы айтылат.

«Министр Азамат Жаманкулов кесиптешин жакын арада Кыргызстанга келүүгө чакырды жана туризм чөйрөсүндө дагы бир канча долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты