Түркияда кыргызстандыктарды акысыз дарылоо квотасын көбөйтүү өтүнүчү айтылды
- 1 месяц мурун
Түркиянын медициналык мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жарандарынын акысыз дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү айтылды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жолугушуусунда сөз болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ар тараптуу, стратегиялык жана бир туугандык мүнөзүн баса белгилешти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
2025-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө басым жасалып, ошону менен бирге алардын мазмундук мазмунунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Экономикалык өнөктөштүктү талкуулоонун алкагында тараптар сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Түркиянын медициналык мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: mfa.gov.kg