Түркияда дайынcыз болгон кыргызстандык кыз табылды

  • 10 месяцев мурун

Стамбул шаарында дээрлик эки аптадан бери дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык кыз табылды.

Бул тууралуу бүгүн 5-июлда «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, кыз бүгүн аман-эсен табылды:

«Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жеке көзөмөлүнүн, тыгыз иштөөсүнүн натыйжасында Стамбулдун Кадыкөй районунда кыз аман-эсен табылды, анын туугандары жанында. Улан Ниязбековго жана Мехмет Акташка ыраазычылык билдиребиз. Кыскача тергөө иштери болот, ошондон кийин кыз туугандары менен чогуу Кыргызстанга жөнөтүлөт».

20 жаштагы Жазгүлдүн апасы кызын таба албай жатканын айтып Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна 24-июнда кайрылган. Стамбулга Бишкектен учак менен жетип, андан ары автобус менен Болгариянын Варна шаарына жөнөп кетмекчи болгон кыздын жоголушу коопсуз миграция маселесин күн тартибине чыгарган.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарда кыз акыркы жолу таанышынын Инстаграм баракчасынан апасына телефону жоктугун, кыйналып жатканын билдирип, ошол бойдон байланышка чыкпаганы айтылган.

Сүрөт: Стамбул шаары. Reuters.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты