Түркияда үч кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылганы кабарланды

  • 2 года мурун

Түркиянын Ялова шаарында атайын уюштурулган операциянын негизинде күч менен сойкулукка мажбурланган жети өзбекстандык, үч кыргызстандык кыз-келиндер куткарылды. Бул тууралуу 10-январда жергиликтүү «Ихлас» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 14 түркиялык жаран чет өлкөлүк кыз-келиндерди сойкулукка мажбурлаганы аныкталып, камакка алынган. Алардын арасында төрт киши мамлекеттик кызматкер экени айтылат.

Тинтүү жүргүзүлгөн үйлөрдөн ондогон тапанча, 15 чөнтөк телефон жана акча табылган.

Суракка алынган 19 жаштагы кыргызстандык кыз аны иштеткен кишилер боюнан алдыртканын, дарылануусу бүтө электе сойкулукка мажбурланганын айтып берген. Куткарылган 10 чет өлкөлүк кыз-келиндер өлкөлөрүнө депортацияланганы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты