Стамбул шаарында Кыргызстан кино күндөрү өтөт
- 2 месяца мурун
24–26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан Atlas кинотеатрында Кыргызстандын кино күндөрү өткөрүлөт.
Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, анда белгилүү кыргыз режиссёрлорунун көркөм тасмалары көрсөтүлөт. Атап айтканда, режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары», режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын», ошондой эле режиссёр Руслан Акундун «Бейиш 2» аттуу тасмалары көрүүчүлөргө сунушталат.
Көрсөтүлө турган фильмдерде кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук маданий баалуулуктар жана заманбап социалдык маселелер көркөм чагылдырылып, эл аралык аудиторияга кыргыз киносунун өзгөчө стили жана мазмуну тааныштырылат.
Кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз кино өнөрүн чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган маанилүү маданий иш-чара болуп саналат.

Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан.




