Түркияда 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 1 месяц мурун
Түркиянын Балыкесир провинциясынын Сындыргы районунда 27-октябрда саат 22:48 де очогунда 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Анадолу агенттиги Түркиянын өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктары башкармалыгына шилтеме менен билдирди.
Жер титирөө Мармара, Эгей аймактарында, Стамбул жана Измирде сезилди. Жер титирөө 5,99 км тереңдикте болгондугу айтылды.
“Жер титирөөнүн очогу болгон Сындыргы шаарында үч имарат жана дүкөн кулады. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок, урандылар алдында да эч ким калган жок” деп билдирди Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая CNN Türk телеканалына. Анын айтымында, кулаган эки имараттан август айындагы жер титирөөдө жарака кетип, жабылып коюлган, алар түрттүрүлмөк болчу.
Жер титирөө сезилген Стамбул, Измир жана Манисте жапа чеккендер тууралуу маалымат жок экендиги социалдык тармактарда жазылууда.
Сүрөт: Анадолу агенттиги




