Түркия жана Сирияда жер титирөөдөн улам курман болгондордун саны миңден ашты   

Түркиянын түштүк чыгышында очогунда күчү 7,4 балл келген жер титирөөдөн курман болгондордун саны миңден ашты.

Түркиянын президенти Режап Тайып Эрдоган бул 1939- жылдан берки эң чоң зилзала экенин билдирди.

Түркиянын жаратылыш кырсыктары жана өзөчө кырдаалдар менен күрөшүү башкармалыгы негизги силкинүүдөн кийин дагы 40 жолу болгонун маалымдады.   

Сирияда 380 ден ашык киши курман болгон.       

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. 6-февраль күнү саат 9га карата андагы жер титирөөдөн 76 киши каза таап, 440 киши жабыркаган. Түркиянын Өзгөчө абалдын алдын-алуу жана жоюу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, жер титирөөдөн ал жактагы Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркаган эмес.

Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Сүрөт: Anadolu agency

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты