Түркия теракттан кийин күрд козголоңчуларына абадан сокку урду

  • 7 месяцев мурун

Түрк аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Күрд жумушчу партиясынын буталарына сокку урду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук Коргоо министрлиги билдирди.

Расмий маалымат боюнча Күрд жумушчу партиясынын 20 объектиси талкаланды. Алардын арасында үңкүрлөр, бункерлер жана курал-жарак сакталган кампалар бар.

Маалыматтарга караганда, сокку Ирактын түндүгүндөгү, Иран менен чек арага жакын Кандиль тоо кыркаларындагы аймакка урулган. Бул жерде Күрд жумушчу партиясынын базаларынын бири жайгашкан.

Министрликтин билдирүүсүндө, сокку Күрд жумушчу партиясын жана башка террордук элементтерди жок кылуу, түрк калкына жана укук коргоо органдарына каршы багытталган террордук чабуулдардын алдын алуу жана чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалганы айтылат.

Жекшембиде эки белгисиз киши Анкарада парламенттин жана Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында жардыруу уюштурган.

Жанкечтинин шериги атып өлтүрүлгөн. Кол салуунун натыйжасында эки полиция кызматкери жараат алды. Өкмөт бул окуяны терроризм катары баалады.

Аталган партиянын сайтындагы маалымата ылайык, Анкарадагы жардырууну алар менен байланышы бар «Өлбөс батальон» тобу уюштурган. Бул топ 2016-жылы Стамбулдагы жардыруу үчүн жоопкерчилик алган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты