Түркия: муздаткычтан төрт түркмөн мигранттын сөөгү табылды

  • 11 месяцев мурун

18-июнда Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн түркмөн аялдын, анын эки кызынын жана дагы бир түркмөн жигиттин сөөктөрү муздаткычтан табылган.

«Ахабер» телеканалы киши колдуу болгон Гүлкамар Ханымова кыздары Лейла жана Лачин менен бир канча жылдан бери ижарага алган батирде жашап келгенин кабарлады. Стамбулдагы туугандары алар кабарсыз болуп калганда полицияга кайрылышкан. Укук коргоо кызматкерлери үйгө киргенде төрт кишинин жиликтенген сөөктөрүн муздаткычтан тапкан.

Түркия басылмалары кабарлагандай, полиция бул кылмышка шектелген түркмөнстандык мигрантты 19-июнда кармаган. Ага Измир прокуратурасы «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен иш козгоп, камакка алды.

Сүрөт: Түркиялык «Milliyet» басылмасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты