Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалы: Шайыр Бакытбекованын “Көпүрө” фильми баш байге алды
- 2 года мурун
- Видео
Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар 7-фестивалы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Ага 23 өлкөдөн 260 фильм «Түрк дүйнөсүнө жана маданиятына көз карашы» аттуу негизги темасы менен катышты.
Бул иш-чараны уюштурган Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы жеңүүчү 9 өлкөдө сыйлыкка ээ болгон тасмаларды көрсөтүүнү баштады. Алгач Стамбул шаарында башталган демилге Кыргызстанда, кыргыз-түрк Манас университетинде уланды.
Студенттик категорияда 16 даректүү тасма финалга өттү. Даректүү тасмалар номинациясында кыргызстандык режиссер Шайыр Бакытбекованын “Көпүрө” тасмасы баш байгени жеңип алды.
Сүрөттөр: Уюштуруучулар тарбынанберилди
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!