Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Мыйзамдын максаты ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.

Бул макулдашууга ылайык, академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана программаларды колдоого алат жана каржылайт. Илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Президент 9-ноябрда “Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койгон.

Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» аттуу сегизинчи жыйынына катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты