Президент Түркияга иш сапары менен барат  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга, Стамбул шаарына иш сапары менен барат.

Анын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы жыйынына катышат.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, алдыда өтүүчү саммиттин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө.

Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык документин, ошондой эле уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер кабыл алынат.

Сапардын алкагында мамлекет башчынын Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгрия лидерлери менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты