Төрага Тургунбек уулу: “Азербайжан менен Арменияга сүйлөшүүлөр үчүн аянтча бөлүүгө даярбыз”

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 26-майда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолугушту. 

Төрага эки тараптуу байланыштарды бекемдөө менен эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өнөктөштүктү да өнүктүрүү кажет экенин белгиледи..

“Ал эми Кыргызстан 1994-жылдагы Бишкек протоколуна байланышкан тажрыйбасына таянып, эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча бөлүп берүүгө даярбыз” деп кошумчалады. 

Өз кезегинде Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян ”Бизди узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турат. Андыктан, парламенттер аралык алакаларды арттыруу аркылуу мамлекеттерибиз ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек” деди.

Ален Симонян эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн Кыргызстандын маданият күндөрүн Арменияда өткөрүү демилгесин көтөрдү.  

26-майда төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Анда мыйзам чыгаруу органдарынын өнөктөштүгүн өрчүтүүгө багытталган демилгелер камтылган

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Армения президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту.

25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасына расмий сапар менен барды. Алар 27-майга чейин болот.

Төрага Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар. 

Сүрөт: kenesh.kg

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты