Ереванда дагы Жапаров Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров 16-октябрда Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөдү.

Жапаров Армениянын тоо жана тузсуз суу экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча Ереван платформасын түзүү демилгесин колдоо менен бирге, Кыргыз Республикасы ага активдүү катышууга даяр экендигин ырастады.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет башчы дүйнөлүк коомчулукка төрт негизги демилгени карап чыгууну сунуштады: Глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү, Бишкек шаарында тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду уюштуруу, карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо.

Президент өз сөзүндө Ысык-Көлдү сактоого жана климаттын өзгөрүшүнүн анын экосистемасына тийгизген олуттуу кесепеттерине өзгөчө көңүл бурду. Соңку 170 жылда көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, акыркы беш жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен.

Уникалдуу жаратылыш объектисин коргоо максатында Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштады. Мамлекет башчы эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргыз Республикасы мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Президент бардык өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жана өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Буга чейин, 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясындагы сөзүндө президент Жапаров Ысык-Көл көйгөйүнө көңүл бурду  жана Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын, донор өлкөлөрдү демилгени колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө чакырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты