Парламент делегациясы Арменияга расмий сапар менен барат
- 3 недели мурун
25-27-май күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасына расмий сапар менен барат.
Сапардын алкагында төрага Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланыштуу маселелерди талкуулайт.
Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да күтүлүүдө.
Төрага Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.
Иллюстрациялык сүрөт: ТАСС
Муну бөлүшүү