Төрага: «Анча-мынча кайым айтышуу — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок өтө татаалдаштырбаш керек»
- 6 дней мурун
Бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер, анын ичинде азык-түлүк бааларынын кымбатташы, экологиянын бузулушу, айдоочулук күбөлүк көйгөйү ж.б. маселелер каралууда.
Депутат Курманкул Зулушев жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарында өкмөт башчыларынын саммитинде катышып жаткандыктан, маселени талкуулоону кийинкиге калтырууну карап чыгууну сунуштады.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу өкмөттүк күндү күн тартибине коёрдон мурун макулдашканын, Касымалиев Дубайдагы саммитке бара турганына байланыштуу уруксат сураганын, ага уруксат берилгенин айтты.
Курманкул Зулушев мындайча кошумчалады:
-Өкмөт менен депутаттардын ортосунда кайым айтышып, пикир келишпестиктер болуп жатат. Депутаттык топтун башчылары, тажрыйбалуу депутаттар менен айтышуулар болуп жатат, орун басарлар, бөлүм башчылар келип калып жатат, тартип маселесин жакшылап сүйлөшсөк болмок, -деди Курманкул Зулушев.
Буга жооп кылып, төрага Нурланбек Тургунбек уулу мындай деди:
-Мен кечинде урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич менен талкуулап, сүйлөштүк. Бул жерде айтылган сын-пикирлерден жыйынтык чыгат. Эң башкысы – тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек, элдин бакубат жашоосу, жыргалчылыгы үчүн. Баарыбыздын максатыбыз бир. Ал эми аткаруу бийлиги менен, мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы анча-мынча көз караштардын келишпестиги, анча-мынча кайым айтышуулар, мен ойлойм, мыйзам ченемдүү көрүнүш деп. Бирок өтө татаалдаштырбаш керек,-деди төрага Тургунбек уулу.
Өкмөттүк саат улантылып, ыш менен байланышкан экологиялык абал, коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүшү, тигүү тармагын колдоо чаралары, курулуш тармагындагы баалардын жогорулашы, ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө карата баа түзүү сыяктуу маселелер талкууланууда.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев баштаган Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү катышып жатат. Талкуу «суроо-жооп» форматында өтүүдө.
4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мекенчил» депутаттык топтон депутат Кундузбек Кошалиев социалдык тармактарда тараган айдоочулук күбөлүк, айдоочулукка окутуу маселелери боюнча депутаттар элдин үнүн жеткирип жатканын, бул популисттик эмес экенин билдирип чыкты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттын бул сөзүн кубаттады:
-Бийлик бутактарынын ортосунда сый болуш керек. “Сыйга сый, сыр аякка бал” .дейт Депутаттын сүйлөгөнүн ишин одоно сындоо аброй алып келбейт. Депутат — элдин өкүлү. Ошон үчүн депутатка 5 жылга мандат берилди. Биз бардык маселелерде аткаруу бийлигин колдоп келе жатабыз. Ошол эле учурда депутаттык корпуска да аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле болуш керек. Талаш-тартыш эмес, баарыбыздын көздөгөнүбүз — мамлекеттеги ынтымак, бакубат жашоо. Мен ойлойм, аткаруу бийлиги ушул сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деп. Парламент микрофону жок, мажирөө, баары боло берет деген мамилеге муктаж эмес, ар дайым өз орду болгон, ошо менен иш алып барабыз, деди төрага Тургунбек уулу.
Президент Садыр Жапаров Кеңештин депутаттарына кайрылып, парламентте маселе көтөрөрдө талдап-тактап алып сүйлөөгө чакырды.
-Мен жаңы чакырылыштын депутаттары ант берген күнү барып сурандым эле, 100-200 киши чыгып эле кыйкырып калса эле, чуркап келип микрофон ээлеп, эптеп ошол теманы айтып, элге жакшы көрүнүп калыш керекпи. Ал маселе туурабы же туура эмеспи мамлекет үчүн пайдалуубу же зыянбы, ага карабайт. Ал элдин адамы, ал эми биз мамлекеттин, элдин душманы сыяктуу болуп калабыз да. Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетет элем, бир маселени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекетке пайдасы кандай, элге пайдасы кандай ошолорду карап чыгуу керек. Эгер мамлекет туура эмес жасап жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен да эки жолу депутат болгом. Эч качан популист болуп микрофонго чыгып алып кыйкырчу эмесмин. Депутаттардын укугу бар, келгиле деп ызылдап жаткан элди бир залга топтоп алып, өкмөт тарапты да чакырып алып, дискуссия кылып, андан кийин гана микрофонго барып айтса жарашат да” деп билдирди өлкө башчы.
Жогорку Кеңештин депутаттары айдоочулук күбөлүк, жеке автомектептердин жабылышы, азык-түлүк бааларынын кымбатташы, абанын булганышы ж.б. боюнча жыйындарда маселе көтөрүп, аткаруу бийлигин сынга алышууда. Ушул бейшемби күнү парламентте бул маселелер боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү пландап жатышат.




