Төрөбаев: Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредит бере баштады

  • 1 year мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга 20дан ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.

Министрлер Кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо аркылуу агроөнөржай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. 

«Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 млрд сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады» деди Бакыт Төрөбаев.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты