Суу ресурстары министрлигинин кызмат адамдары пара талап кылууга шектелип кармалды

  • 5 дней мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын кызмат адамдары кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын кызмат адамдары суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

7-июлда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча аталган башкармалыктын жетекчиси жана башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адамдарга карата бөгөт коюу чарасы тандалды. Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрө: Интернет  булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты