Картошканы экспорттоого тыюу салуу маселеси каралып жатканы айтылды
- 1 неделя мурун
Азыркы тапта картошканын экспортуна тыюу салуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
“Азыркы учурда өлкөдө картошканын кору жетиштүү. Дыйкандар картошкаларын жер төлөдө сактап жатышат. Базарга келгенде ортомчулар картошканын баасын 75 сомго чейин көтөрүп жиберишүүдө. Аларга да бул боюнча чаралар көрүлөт. Азыркы тапта картошканын экспортуна тыюу салуу маселеси каралып жатат” деди министр.
3-февралда Ош шаарында картошканын дүң баасы 60 сомдон болсо, чара көрүлгөндөн кийин, ошол эле күнү кечке маал дүң баасы 49 сом болгон.
Сүрөт: agro.gov.kg
Муну бөлүшүү