Түп районунда депутат аялдарды жергиликтүү кеңештин жыйынына жибербеген жетекчилер бар    

  • 1 год мурун

Түп районунда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу түзүлдү. Бул клуб тажрыйба жана билим алмашуу үчүн коммуникациялык аянтча катары кызмат кылат.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун алгачкы жыйынына Арал, Михайловка, Ак-Булуң, Сары-Булак, Ысык-Көл, Чоң-Таш айылдык кеңештеринен 15 депутат катышты.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жалпысынан 203 мандат бекитилсе, анын 81 мандаты (30%) аялдарга резервге калтырылган.

2021-жылы өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун натыйжасына ылайык, аялдар 86 мандат алышкан. 5 аял алган добуштарынын аркасында аялдардын 30% квотасынан тышкары депутат болушту. Учурда азыркы депутаттардын 115и – эркектер, 88и – аялдар.

Жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттардын саны боюнча квотадан тышкары мандат алган аялдардын саны боюнча Түп району 2-орунда турат.

Пилоттук режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Түп районунда 5 айыл аймагы түзүлдү.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары иштеген айрым мекеме, уюмдардын жетекчилери айрым учурларда алардын ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылып, жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарына катышууга чыгарбай жатканы белгилүү болду.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты