Түп райондук ИИБ башчысынын орун басары жана эки кызматкери кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана эки кызматкери акча доолап кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытта айтылгандай, Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары У.А.К., кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери М.С.Б. жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери У.К.Ннын. акча опузалап алуу фактысы аныкталды.

Бул кызматкерлер атайын даярдаган кыздар аркылуу зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликкке тартабыз деп коркутуу менен, Түп районунун тургундарынан 100 миң сом талап кылышкан.

Аталган сумманын 20 миң сому кыздарга берилип, калган сумманы эртеси алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калып, милиция кызматкерлери Түп районунун тургундарына кысым көрсөтүү максатында зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арызды катташкан.

12-декабрда аталган милиция кызматкерлери кармалып, 15-декабрда Каракол шаардык сотунун чечими менен №23 тергөө абагына киргизилди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты